АКУЛОВА Динара

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУЛОВА Динара (10. 09. 1964-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Светлая Поляна айылы) – кыргыз эстрада ырчысы жана киноактриса. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

Файл:Акулова Динара.jpg

Ал Каракол шаарындагы Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайын, ошондой эле Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон. Комуздун коштоосунда элдик ырларды мыкты аткарган. Кийин эстрада ырларына өткөн. «Эй, жазгүлүм», «Мен сени сүйөм», «Өмүр»,  «Аккордеон», «Ак куу белең Айперим», «Эламан», «Таалайым», «Ырдап берем», «Музыкалык сабатым жок», «Жайлоодо», «Кыздын сыры» жана башка ушул сыяктуу ырларды жогорку чеберчиликте аткарып, эл оозуна алынган.