АКУЛОВА Динара

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:01, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya (Created page with "'''АКУЛОВА''' Динара (10. 9. 1964-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Светлая Поляна айылы) – кыргыз эстра...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУЛОВА Динара (10. 9. 1964-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Светлая Поляна айылы) – кыргыз эстрада ырчысы жана киноактриса. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021). Ал Караколдогу Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайын, ошондой эле Бишкектеги искусство институтун бүтүргөн (...). К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде альт комузда ойногон. Комуздун коштоосунда элдик ырларды мыкты аткарган. Кийин эстрада ырларына өткөн. «Эй, жазгүлүм», «Мен сени сүйөм», «Өмүр»,  «Аккордеон», «Ак куу белең Айперим», «Эламан», «Таалайым», «Ырдап берем», «Музыкалык сабатым жок», «Жайлоодо», «Кыздын сыры» ж. б. у. с. ырларды жогорку чеберчиликте аткарып, эл оозуна алынган.