АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ ‒ бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, ион) энергетикалык абал боюнча теӊ салмаксыз бөлүштүрүлүшү жана энергия деӊгээлинин кеминде бир түгөйү үчүн жыштык инверсия аткарылуучу зат. Эгерде кванттык күчөткүч коэффициенти активдүү чөйрөдө энергиянын азаюу (жоготуу) коэффициентинен көбүрөөк болсо, анда активдүү чөйрө аркылуу өтүүчү резонанстык электр-магниттик нурлануусу күчөйт. Активдүү чөйрө кванттык электроникадагы приборлордун (кванттык күчөткүч, кванттык генератор) негизги элементтеринин бири. Атомардык жана молекулалык газдар, жарым өткөргүчтөр жана плазма активдүү чөйрө болушу мүмкүн (к. Лазер, Мазер).