АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ‒ бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, ион) энергетикалык абал б-ча теӊ салмаксыз бөлүштүрүлүшү ж-а энергия деӊгээлинин кеминде бир түгөйү үчүн жыштык инверсия аткарылуучу зат. Эгерде кванттык күчөткүч коэфф-и А. ч-дө энергиянын азаюу (жоготуу) коэфф-инен көбүрөөк болсо, анда А. ч. аркылуу өтүүчү резонанстык электр-магниттик нурлануусу күчөйт. А. ч. кванттык электроникадагы приборлордун (кванттык күчөткүч, кванттык генератор) негизги элементтеринин бири. Атомардык ж-а молекулалык газдар, жарым өткөргүчтөр ж-а плазма А. ч. болушу мүмкүн (к. Лазер, Мазер).