АКТИВАЦИЯЛЫК АНАЛИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, р а д и о а к т и- в а ц и я л ы к а н а л и з ‒ элементтердин атом ядросунун активдүүлүгүн ж-а алардын радиоактивдүү нурлануусун эсептөөгө негизделген сапаттык ж-а сандык курамын изилдөө ыкмасы. Затты ядролук бөлүкчөлөр же кванттар м-н нурландырат. Радионуклиддердин катар номери ж-а массалык саны анын белгилүү жарым а ж ы р о о м е з г и л и (Т1/2), нурлануу энергиясы б-ча аныкталат. Тигил же бул ра дионук лиддердин пайда болушуна алып келүүчү ядролук реакциялар белгилүү болгондуктан, баштапкы атом кайсы экендигин аныктоого болот. Аныкталуучу элементтердин белгилүү саны бар үлгү заттын активдүүлүгүн салыштыруу ыкмасы м-н аныкталат. Сан анализинде ядролук реакцияга катышкан баштапкы изотоптун санына пайда болгон радионуклиддер дин активдүүлүгү пропорциялуу экендигине негизделген ыкмалар колдонулат. А. а. өзгөчө таза заттарды ж-а металлдарды, алардын куймаларын анализдөөдө, о. эле канды, плазманы ж-а ткандардагы микроэлементтерди аныктоо до, сот-мед. экспертизада колдонулат.