АКТИВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТИВ (лат. activ ‒ иштиктүү) ‒ 1) кандайдыр бир уюмдун, коллективдин абдан алдыңкы, иштемдүү адамдары; 2) бухгалтериялык баланстын бир тарабы; мында ишканага, фирмага тиешелүү матералдык жана материалдык эмес баалуулуктар акчалай туюнтулуп, алардын отчёт мезгилинин башындагы жана аягындагы курамы, жайгаштырылышы жана пайдаланышы көрсөтүлөт, ошондой эле к. Пассив; 3) баланстын айрым түрлөрүндө (мисалы, активдүү төлөө балансында) чыгашадан кирешенин көбүрөөк болушу.