АКТАНОВ Тойчу Кулунтай уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКТАНОВ Тойчу Кулунтай уулу (1910, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кашка-Суу айылы ‒ 1942, Воронежге жакын жер) ‒ кыргыз илимпоз-агартуучусу. Ташкенттеги педагогикалык институтта окуган (1927‒

Файл:АКТАНОВ11.png

30). Фрунзедеги педагогикалык окуу жайында мугалим (1938‒41). Ошол мезгилден баштап илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле учурда «Кыргызстан» басмасынын редактору болгон. «Кыргыз тилинин синтаксисинин конспектиси» (латын графикасында) деген эмгекти (К.О. Бакеев менен авторлош, 1937), 6‒7-класстар үчүн «Кыргыз тилинин окуу китеби» (1938‒40), «Учебник киргизского языка» (1938) окуу китептерин жазган. «Окууга жана жазууга үйрөтүү үчүн алиппеси» (Н. М. Абрамов менен авторлош) 1947-жылдан 1953-ж. чейин жыл сайын басылып келген. Актанов 10дон ашуун окуу китептердин автору. «Башталгыч, толук эмес орто жана орто орус мектептери үчүн кыргыз тилинин программасын» (1938), И. А. Батманов менен бирдикте кыргыз тилинин башталгыч класстары үчүн окуу китептерин түзгөн (1936‒38). Бул программанын негизинде орус мектептердин 5‒6‒7-класстарына арналган окуу китептери басылып чыккан (1939). Ал биринчилерден болуп окутуунун педагогикалык ыкмаларын жазып, мектептерге киргизген. Анын ысмы Кашка-Суу орто мектебине коюлган.

С. Сыдыков.