АКРИЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКРИЛ КИСЛОТАСЫ, э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган органикалык кислота. Молекулалык массасы 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил кислотасын пайда кылат. Башка карбон кислоталары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлер­ди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал ко­шуп алуу реакцияларына кирет. Мисалы, суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. Акрил кислотасы ацетиленди гидрокарбок­силдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкыл­дандыруудан алынат. Полиакрил кислотасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түр­дүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алуу­да колдонулат.