АКМАТОВ Ташполот

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:16, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКМАТОВ Ташполот (1929, Ош облусу, Ноокат району, Кожоке кыштагы) – малчы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1981). Кыргыз ССРинин мал чар­басына эмгек сиңирген устаты (1978). Эмгек жолун 1943‑жылы Ноокат районундагы «Правда» колхозун­да колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1959­-жылдан Ноокаттагы № 44‑жылкы заводунун баш чабаны. 1981‑жылы ар жүз тубар койдон 172ден козу, ар койдон 4,9 кг дан жүн кыркып алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйлан­ган.