АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Абдылдажан (15. 1. 1956‑ж. т., Нарын ш.) – адабиятчы, сынчы, филология илимд. доктору (1990), проф. (1991). КРдин или­мине эмг. сиң. ишмер (1999), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), КРдин илим ж‑а техника б‑ча мамл. сыйл. эки жолку лауреаты (2000, 2004).
Файл:АКМАТАЛИЕВ 147.png

1977‑ж. КМУнун филология ф‑тин бүтүргөн. 1977‑78‑ж. Ош педин‑тунда, 1978‑79‑ж. КМУ­да окутуучу, 1979‑жылдан КР УИАнын Тил ж‑а ад‑т ин‑тунда кенже, 1983‑жылдан улук, жылдан жетектөөчү ил. кызматкер, 1992­ 94‑ж. Адабият жана ис­кусство ин‑тунун, 1995­жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улут­тук борборунун директору. А‑дин эмгектери манас таа­нууга, кыргыз фольклорис­тикасына, айрыкча Ч. Айт­матовдун чыг‑лыгына ар­налган. Анын эмгектери адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы те­ матикаларды ж‑а проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А‑дин жетектөөсү м‑н кыргыздын бай фольк­лордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» се­риясынын 30 томдугу ж‑а «Манас» эпосунун акад. басылышынын (С. Орозбаков ж‑а С. Ка­ралаевдин варианттары б‑ча) 9 томдугу бирин­чи жолу жарык көрдү. А. түзгөн «Улуу инсан­дар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кай­гы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстан­бек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгар­малары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык муз. мурастарды жаздырууга катышкан. А‑дин жетекчилиги м‑н даярдалган «Кыргыз адаби­ятынын тарыхы» (7 томдук) КРдин К. Тыныс­танов атн. мамл. сыйл. (2004) татыган.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий бай­ланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чың­гыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002.
А Кадырмамбетова.