АКМАТ Рысменде уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй р‑ну, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) ­семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакир­ти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. А. өзүнүн «Семе­тей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты м‑н бай­ланыштырат. 1915‑ж. көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан.

ж. май айында акындардын слётуна ча­кырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жого­ру бааланган. А‑тын айтуусунда «Манас» эпо­сунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жа­мандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган ж‑а анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат м‑н «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» б‑ча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.