АККРЕДИТИВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:31, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККРЕДИТИВ (лат. accreditivus - ишенимдүү) - 1) кредит берүүчү мекемеде (банкта, көбүнчө аманат банкында) аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы толук же бир бөлүгүн белгиленген мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдет­тенмелер аткарылгандан кийин товар, иш ат­каргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн ток­тоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсе­бинин түрү; ишканалар менен уюмдардын орто­сунда акчасыз эсептешуүнун түрү катары, ошондой эле коммерциялык операциялар боюнча эл аралык эсеп­тешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө ак­чалай жана товардык (документтүү) Аккредитив кирет.