АККОМПАНЕМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:06, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККОМПАНЕМЕНТ (французча accompagnement – кош­тоо) – музыкалык коштоо. Аккомпанементтин эки түрү бар: солист­ти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ан­самбль, хор) музыкалык жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз жана башкалар) же бир нече аспап (ан­самбль, оркестр) менен коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. Аккомпанемент ырчыга, аспапчыга гармоника­лык жана ритмикалык жөлөк болуп, чыгарма­нын мазмунун, көркөмдүгүн тереңдетет.