АККОМОДАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АККОМОДАЦИЯ (лат. akcomodatio – ыңгайла­нуу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс жана жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени кара­ганда көздүн аккомодациялык булчуңу жыйрылып, ошон­дон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нур­лары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топ­толуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө аккомодациялык булчуңдун жыйрылышы жана чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начар­лайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасири­нен аккомодациялык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. Аккомодациянын начарлашын ка­димки калыбына келтирүү үчүн, томпок линза­луу көз айнек кийүү сунуш кылынат.