АКИНАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:22, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКИНАК(гр. akinakes – кыска) – темирден жа­салган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Б. з. ч. 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс ж‑а сак жоокерлери кол­донгон.

Файл:АКИНАК41.png

Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу ж‑а ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Са­бынын учу жүрөк, жарым ай ж‑а жаныбарлар­дын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр м‑н кооздолгон. Кеч сак ж‑а усун доорунда темирден жасала баш­таган. Кырг‑нда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн A‑тар табылган.

                                                                                                                                                               О. А. Солтобаев.