АКЕРЛОФ Джордж

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЕРЛОФ Джордж (17. 6. 1940-жылы туулган, Нью-Хейвен) – америкалык экономист. Информациялык экономика, макроэкономика, эмгек экономикасы, кайчылаш экономика жана социология тармактары боюнча эмгектердин автору. Негизги эмгеги – "Лимондор" рыногу: сапаттын белгисиздиги жана рынок механизимдери, мында ал колдонулган автомобилдер рыногун мисалга келтирип, бул акыры рыноктун жабылышына же сапаты начар продукциялардын чыгарылышына алып келерин изилдеп экономикалык анализ чыгарган. Нобель сыйлыгынын ээси (2001, М. Спенс жана Дж. Стиглиц менен бирге).