АКЕНЕЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЕНЕЕВ Жумакадыр (22.1.1954‑ж.ылы туулган, Ысык­-Көл облусу, Тоң району, Улахол совхозу) – эконо­мист, экономика илимдеринин доктору (1998), КРдин эмгек сиңирген экономисти (1996). Фрунзедеги поли­техникалык институтун бүтүргөн (1976). Ошол эле институтта окутуучу, айыл чарба экономикасынын ИИИн­да сектор башчы, КРдин Улуттук статкомите­тинин председатели, КРдин Айыл жана суу чар­ба министри, 2002‑жылдан КМУУнун профессо­ру. Айыл чарба экономикасын изилдөө боюнча адис. 70тен ашуун ил. иштери жарыяланган. Негиз­ги эмгектери сугат жерлерди үнөмдүү, натыйжа­луу пайдалануу жана рынок экономикасынын маселелерине арналган.
Эмг.: Проблемы рационального использования оро­шаемых земель. Б., 1997.