АКЕДИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЕДИЛ, Агизель, Белая – негизинен Башкырт Республикасынын аймагы аркылуу аккан дарыя. Каманын сол куймасы. Уз. 1430 км, алабынын аянты 142 миң км2. Жогорку агымы Түш. Урал тоолору, Уфа д‑на куйгандан кийин түздүк б‑ча агат. Суусунун орточо чыгымы 970 м3/сек. Ноябрдын 2‑декадасынан апрелдин жарымына чейин муз каптап жатат. Уфадан кеме жүрөт. Жээгинде Белорецк, Салават, Ишимбай, Стерлитамак, Уфа, Бирск ш. жай­гашкан.