АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ – кооздук жана изилдөө максатында суу толтурулган атайын айнек идиште (аквариумда) багылуучу майда балыктар. Аквариум балыктарынын дене узундугу 1,5‑30 см. Көпчүлүгү майда, түркүн түстүү, кооз. Аквариум балыктары Африка, Амери­ка, Азияда, тропик жана субтропик жылуу, шор эмес сууларда кездешет. Алардын каңылтыр, алабуга сымал урук таштоочулары жана тирүүлөй туучу түрлөрү бар. Бул балыктарды багуудагы байкоолор генетикалык, биохимиялык жана бионикалык изил­дөөлөр үчүн чоң мааниге ээ.