АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКВАРИУМ БАЛЫКТАРЫ – кооздук жана изилдөө максатында суу толтурулган атайын айнек идиште (аквариумда) багылуучу майда балыктар. А. б‑нын дене уз. 1,5‑30 см. Көпчүлүгү майда, түркүн түстүү, кооз. А. б. Африка, Амери­ка, Азияда, тропик жана субтропик жылуу, шор эмес сууларда кездешет. Алардын каңылтыр, алабуга сымал урук таштоочулары жана тирүүлөй туучу түрлөрү бар. Бул балыктарды багуудагы байкоолор ген., биохим. жана бионикалык изил­дөөлөр үчүн чоң мааниге ээ.