АКБОТО БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Акбото Рахимбий  уулу(болжолу 17‑к‑дын аягы – 18‑к‑дын  30‑ж‑нын ортосунда жашаган) – 18‑к‑дын  башында Ферганадагы Хожент вилайетинин  башкаруучусу.
Файл:АКБОТО БИЙ36.png

Тарыхый маалыматтар б‑ча ал Бухара ханы Убайдулланын (1702–11‑ж. башкарган) ишени­чине ээ болуп, Фергана өрөөнүнүн түш.-чыгы­шындагы Хоженттин аймагын калмак баскын­чыларынан коргоочу кошуундун башчылыгы­на дайындалган. Бул аймакта А.б‑дин саясий аброю өскөндүктөн, Кокон хандыгынын не­гиздөөчүсү Шахрух бийдин жалгыз кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар‑Рахим бийге турмушка берген. Ал Абд ар‑Рахимди Хожентке чакырып, ага өз ээлигинен жооптуу кызмат берет. А. б‑дин жардамы м‑н күйөө баласынын зоболосу көтө­рүлүп, элге таанылат. Абд ар‑Рахим Хожентти ээлеп алууну көздөп, бул аягын­да күйөө бала м‑н кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал‑Карим бийди дайындаган.

Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.