АКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАЦИЯ (Acacia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Дарак, бадал, чанда лиа­налар. Жалбырагы татаал, кош канат сымал, көп учурда учтуу же узун тикенектери өсөт. Гүлү сары, майда, анча чоң эмес башча топ гүлү та­таал шыпыргы топ гүлчө чогулган. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Анын 1000ден ашык түрү Афри­ка, Азия, Америка жана Австралиянын кургак­чыл райондорунда таралган. Көп түрлөрү баалуу жыгач. Сенегал акациясы – медицинада колдону­луучу гумми‑арабиктин жогорку сортун алууда чийки зат. Россиянын Кара деңиз жээктеринде кара жыгачтуу акация жашылдандыруу үчүн өстү­рүлөт. Айрымдары танниддерге бай келип, бул­гаары ийлөөдө, сапаттуу сөңгөгү эмерек, кагаз жасоодо колдонулат. Кыргызстанда 3 түрү (ак, сары, кумдак акация) өстүрүлөт.