АКАК ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАК ТАШ, а к а к – минерал, халцедондун бир түрү. Химиялык формуласы Si02. Өңү кызыл сары, кызгылт сары. Негизинен эффузив тоо тектери­нин көңдөйчөлөрүндө жана жаракаларында бо­лот. Янтарь жана кээ бир тунук асыл таштар да (көбүнчө ак түстөгүлөрү) акак деп аталган. Зер­герлик иште колдонулуучу 3‑класстагы кымбат баалуу асыл таш. Кыргыз зергерлери акак ташты шакек, билерик, сөйкө, чолпу, чач учтуктарга, ат жабдыктарына да чөгөрүп, «тогуз төбөлөп» же куткундап көркөмдөшкөн, ошондой эле шуру, се­деп топчу да жасашкан. Таза болоттон жасал­ган, жыгач саптуу «темир ойгуч» менен жасалга­нын үстүн оюп, күмүштү кызыл жалын кылып эритип, данакер (бура) менен аралаштырып куюу ыкмасы колдонулат. Азыркы мезгилде кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмесинде да өркүн­дөгөн технология менен акак ташты пайдаланып, кыз-­келиндердин асем буюмдарын элдин талабына шайкеш жасап жатышат.