АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК – жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигин­де өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу про­граммаларын аныктоо ж‑а ички тартиптер б‑ча укуктар; билим берүү ж‑а илимий-изилдөө жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын ж‑а эркин­диктердин топтому. Профессорлорду ж‑а ректор­лорду шайлоо көз карандысыз, сырткы администрациялык бий­ликтин кийлигишүүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын про­фессор‑окутуучулар курамына, илимий кызматкер­лерге ж‑а студенттерге төмөндөгүдөй эркиндик­тер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы б‑ча түзүү; илимий-изилдөө темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмалары­нын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөн­дөмдүүлүгүнө ж‑а муктаждыгына ылайык би­лим алуусу.