АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР
– театр өнөрүн өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкен театрларга берилүүчү ардак наам. 1909‑жылдан бериле баштаган. Бул ардак наам алгач Москвадагы Чоң ж‑а Кичи театрларга ыйгарылган. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж‑а балет театрына (1959), Т. Абдумомунов атн. Кыргыз улуттук драма театрына (1971), Кыргыз мамл. орус драма театрына (1989), Ош өзбек драма театрына (2005) А. т. ардак наамы берилген.