АК ЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ЫР ‒ уйкашсыз ыр. Мындай формадагы ырларда ыргак сакталат, бирок уйкаштыктын салттуу орду бош калат. Дүйнөлүк адабиятта мындай ыр 16-кылымда байкала баштаган. 18-кылымда орус акындары өз чыгармаларында кеӊири колдонушкан (В. Тредиаковский, А. Сумароков, А. Радищев, Н. Карамзин жана башка). Ушул формада жазылган А. С. Пушкиндин чакан трагедиялары, «Борис Годунов» драмасы, Н. А. Некрасовдун «Оруста кимдер жакшы жашайт?» поэмасы жана бир катар ырлары коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган. Кыргыз поэзиясында уйкашсыз ырлар кийинки жылдарда башка элдердин поэзиясынын таасиринен улам пайда болду. С. Эралиев («Жылдыздарга саякат», «Жол», «Ак жыттар»), Р. Рыскулов («Күндөй жашайм»), С. Акматбекова ак ыр жараткан.