АК ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Сары-Булак кыштагынан 56 км чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен кенге чейинки аралык 154 км. 1948-ж. табылып, 1980‒81-ж. геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Доломиттүү ак мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдаланган түрдө декорациялык оор бетондо жана курулуш иштеринде колдонулат. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 2994 миӊ м3.