АК ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Сары-Булак кыш-нан 56 км чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен кенге чейинки аралык 154 км. 1948-ж. табылып, 1980‒81-ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Доломиттүү ак мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдалан ган түрдө декорациялык оор бетондо ж-а курулуш иштеринде колдонулат. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 2994 миӊ м3.