АК ОРДО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:56, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ОРДОАлтын Ордонун эки канатынын бири; аны Жучунун уулу Батый ж‑а анын укум­-тукумдары башкарган. Алтын Ордо аталышы Батыйдын доорунан тартып, Жучу улусунун бар­дык аймактарына карата айтылса, 14‑к‑дын ба­шынан А. О‑го гана тиешелүү айтылып калган. А. О. Батыйдын ж‑а анын бир туугандары: Беркенин (Түн. -Чыгыш Кавказ), Шибананын (азыркы Казакстан ж‑а Батыш Сибирь), Мо­валдын (Кара деңиздин бойлору) улустарынан турган. Кийин Батый м‑н Беркенин улустары кошулуп кеткен. 15‑к‑да А. О‑нун аймагында Чоң ордо, Ногой ордосу, Өзбек, Казан, Крым, Сибирь хандыктары пайда болгон.
Р. Жолдошов.