АК КУНАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АК КУНАС (Ciconia) – кунастар уруусундагы куш. Бийикт. 1 жге жакын. Түсү ак, кара ала, тумшугу м‑н буту кызыл. Фергана ж‑а Чүй өрөө­нүнүн талааларында, саздак жерлерде сейрек жолугат. Уясын ири дарактарга салып, бир жыл­да бир жолу 2‑5 жумуртка тууп, балапандарын ба­сып чыгарат. Ба­ка, балык, чыч­кан, кескелдирик ж‑а курт‑кумурс­калар м‑н азыкта­нат. Бул куш мын­дан көп жыл му­рун Борб. Азияда кеңири таралган. Азыркы учурда бардык жерде азаюуда. Анын кескин азайып кетишине саздардын кургаты­лышы, дың жерлерди бузуп, айдалышы себеп.
Файл:АК КУНАС45.png

1952‑жылдан Кыргызстанда А. к‑ты кармоого тыюу салынган. 1975‑ж. Кыргызстандын Кызыл ки­тебине катталган.