АК ЖААН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ЖААН – майдалап узакка жааган жамгыр. Тамчыларынын диаметри 0,5 ммден ашпайт, адатта катмарланган булуттан же тумандан түшөт. Ак жаан узакка созулгандыктан жерге жак­шы сиңип, эгиндин, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт.