АК ЖААН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК ЖААН – майдалап узакка жааган жамгыр. Тамчыларынын диаметри 0,5 ммден ашпайт, адатта катмарланган булуттан же тумандан түшөт. Ак жаан узакка созулгандыктан жерге жак­шы сиңип, эгиндин, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт.