АК-ӨЛӨҢ устаканасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ӨЛӨҢ – байыркы таш дооруна таандык таш курал жасоо «устаканасы». Ысык‑Көлдүн батыш тарабындагы Ак‑Өлөң айылынын түштүгүндөгү тоо этегинде жайгашкан. Борбордук Азиядагы эң маа­нилүү археологиялык эстеликтердин бири. Байыркы адамдар порфирит деп аталган оттук таш те­гинен сапаттуу куралдарды жасашкан. Таш куралдар жана иштетилген белгиси бар таштар­ды (артефакттар) жер үстүнөн көп кездеш­тирүүгө болот. Алар плейстоцен (муз каптоо) учурунда суу үйөрүнүн таасири менен кең аянт­тарга жайылган. Алгач археологиялык изилдөөлөрдү археолог М. Юнусалиев, кийин 2001‑ж. акаде­мик А. П. Деревянко жетектеген россия‑кыр­гыз экспедициясы жүргүзгөн.
К. Табалдиев.