АК-ЧАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЧАЛ ‒ Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кулатов атындагы айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 45 км батыш тарапта, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 17 км. Деӊиз деӊгээлинен 1380 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2305 (2022); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.