АК-ТӨӨ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:31, 4 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТӨӨ МӨҢГҮСҮ ‒ Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы ‒ Чили-Сайдын алабында жайгашкан. Уз. 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляциясынын аянты 1,8 км2. Мөӊгү тартылууда. Андан Ак-Төө суусу башталып, Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы Чили-Сайга оӊ жактан куят.