АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз кыштагына жакын жайгаштырылган. Ак-Түз мамлекеттик акционердик коомуна караштуу. Төрт участоктон турат: биринчисинин аянты 40 миӊ м2 (1942‒1955-жылдары иштеген), экинчисиники 130 миӊ м2 (1971‒1994-жылдар), үчүнчүсүнүкү 30 миӊ м2 (1965‒94-жылдар), төртүнчүсүнүкү 158 миӊ м2 (1978‒93-жылдар). Төртүнчүсүнөн башкалары консервацияланган. Буларда Ак-Түз сейрек металлдар жана Борду полиметалл кендеринин рудасын иштетип, пайдалуу металлдарды бөлүп алгандан кийин калган, курамында коргошун, цинк, жез, торий ж. б., сейрек кездешүүчү металлдар, ошондой эле айрым минерал түрлөрү (хлорит, серицит, цитролит, циркон ж. б.) бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 25‒40 мкр/с. Азыр тынч абалда (табигый жана антропогендик кийлигишүүсүз), экологиялык жактан коркунуч туудурбайт. Бирок, 1998-жылы жазында төртүнчү участоктун дамбасынан суу ашкандыгы байкалган. Ошондуктан көзөмөл жүргүзүп туруу зарыл.
Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно-техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.