АК-ТООК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТООК ‒ Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл аймагына караштуу. Каду суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 35 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 32 км. 1850-ж. отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1907 (2009); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, мончо бар. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу М. Борбугулов туулган.