АК-ТЕРЕК-2 КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТЕРЕК-2 КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда. Ош шаарынан 10 км түштүк-батышта, деӊиз деӊгээлинен 1170‒1350 м бийиктикте. 1984-жылы геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен неоген-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон борпоӊ кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кум-шагылдын калыӊдыгы 68 мден 90 мге чейин өзгөрөт. Кесек кошумча 18% кой таштан, 50% жумуруланган таштан, 26,5% кумдан турат; 0,14 ммден майдасы 5,14%. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланууга болот. Запасы В ‒ 6236 миӊ м3, С1 ‒ 6559 миӊ м3, В+С1 ‒ 12795 миӊ м3.