АК-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАШ, Т е г и р м е н - С а й ‒ Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл аймагына караштуу. Чаткал суусунун боюнда. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 50 км батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен (Өзбекстан) 177 км. Деӊиз деӊгээлинен 1380 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1072 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, мечит, тегирмен, мончо ж. б. бар.