АК-ТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ТАЛ ‒ Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Ак-Тал айыл округунун борбору. Райондун борбору Баетов кыштагынан 40 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Нарын дарыясынын түштүк жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1750 м бийиктикте жайгашкан. 1957-жылы отурукташкан. Калкы 1 432 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, ФАП, мончо, байланыш түйүнү ж. б. бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Койчиев туулган.