АК-СУУ МӨҢГҮСҮ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУУ МӨҢГҮСҮ ‒ Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кожо-Бакырган суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,5 км, аянты 6,5 км2, абляциясынын аянты 3,8 км2. Көлөмү 0,268 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. Фирн облусу карама-каршы жаткан эки циркти ээлейт. Каптал моренасын этек моренасы улай, дого сымал жалчаны пайда кылат. Мөӊгү чегинүүдө. Андан Ак-Суу суусу агып чыгып, Ак-Мечит суусунун курамы‒Кара-Сууга куят.