АК-СУУ Жыргалаңдын сол куймасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУУ ‒ Ак-Суу р-нундагы суу, Жыргалаӊдын сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 513 км2. Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы мөӊгүлөрдөн башталган Алтын-Арашан жана Алмалуу суулары кошулуп А.-С-ну түзөт. Алабында 12 көл бар, алардын жалпы аянты 0,42 км2. Ири куймалары: Адыр-Төр, Чоӊ Кашка-Суу. Майда кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 5,10 м3/сек; эӊ көбү ‒ 14,4 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,26 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Алмалуу өрөөнүнүн оозунда Ак-Суу санаторийи, андан төмөн Теплоключенка кыш. жайгашкан.