АК-СУУ ГРАНИТ-ДИОРИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 29 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-СУУ ГРАНИТ-ДИОРИТ КЕНИ Чүй обл-нун Москва районундагы Беловодский (Ак-Суу) кыштагынан 38 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Ак-Суу өрөөнүндө. Кен аймагында силур мезгилинде жиреп чыккан гранит-диорит жана диорит интрузия тектери жатат. Алардын жер бетине чыгып жатышы 3 кмге созулат. Гранит-диорит менен диорит орто, чанда ири кристаллдуу түзүлүштө, өӊү ачык боз, жашыл сымал боз. Табигый жаракалуу, алар боюнча 0,5‒2 м3 көлөмдөгү блокторго жакшы ажырайт. Жеӊил иштетилип, оӊой кесилет. Физикалык-механикалык касиеттери боюнча көркөм кооз курулуш таштарга болгон талаптардын бардыгына жооп берет. Архитектура курулмаларына, имараттардын дубалын кооздоп каптоого болот.