АК-САЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Беш-Буркан кыш-нан 3 км түш.-чыгышта, Чымкай тоосунда, деӊиз деӊг. 1700‒2000 м бийиктикте. 1953‒87-ж. мезгил-мезгили менен геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун көмүр-чополуу сланецтеринен, кумдуктарынан жана карбондун карбонат-терриген катмарларынан түзүлгөн. Кенташтуу жаспероид брекчиясы карбондун карбонат-терриген катмарларынын арасында жатат. Флюорит ‒ антимониттүү кенташы өтө чачыранды жана тарам-тарам түрүндө кездешет. Сурьманын орт. өлчөмү 2,73%, алтындыкы 1,44 г/т. Кенташтын С1 категориясы б-ча запасы 60,3 миӊ т. Сурьманыкы ‒ 1629 т, алтындыкы ‒ 1,49 т.