АК-САЙ -Талас районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
, Ж е ӊ и ш, Ж а ӊ ы - А р ы к ‒ Талас обл-нун Талас р-ндагы кыштак. Чоӊ Алыш айыл аймагына караштуу. «Манас» дыйкан чарбасынын аймагында. Талды-Булак‒Тараз автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Көк-Ой кыш-нан 24 км. Маймак темир жол бекетинен 134 км. Деӊиз деӊг. 1488 м бийиктикте жайгашкан. 1926-ж. негизделген. Калкы 3582 (2002); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик -тех. окуу жайы, медпункт, клуб, китепкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Б. Көкөбаев туулган.