АК-САЙ - тарыхый топоним

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САЙ ‒ жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашгари (11-кылым) анын Уч (азыркы Үч-Турпан) округунун аймагына жакын экенин билдирет. Орто кылымдагы адабияттарда Ак-Сайга чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Ат-Башы шаары, Арпа-Йасы талаасы, Таш-Рабат кербен сарайы ж. б. аталат. Буга караганда байыркы Ак-Сай азыркы Ак-Сай сыртына туура келери шексиз. Ак-Сай өрөөнүн жергиликтүү көчмөн эл эзелтен эле пайдаланып келген. Көк-Аргын менен Сары-Иймектен табылган неолит мезгилинин буюмдары буга ачык далил боло алат.