АК-САЙ - тарыхый топоним

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САЙ ‒ жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашгари (11-к.) анын Уч (азыркы Үч-Турпан) округунун аймагына жакын экенин билдирет. О. кылымдагы ад-ттарда А. С-га чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Ат-Башы ш., Арпа-Йасы талаасы, Таш-Рабат кербен сарайы ж. б. аталат. Буга караганда байыркы А.-С. азыркы А.-С. сыртына туура келери шексиз. А.-С. өрөөнүн жерг. көчмөн эл эзелтен эле пайдаланып келген. Көк-Аргын менен Сары-Иймек- тен табылган неолит мезгилинин буюмдары буга ачык далил боло алат.