АК-КОЧКОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КОЧКОР – Ысык‑Көл облусунун Жети‑Өгүз районундагы кыштак. Жети‑Өгүз айыл аймагына ка­раштуу. Райондун борбору Кызыл‑Суу кыштагынан 25 км түштүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. 1910‑жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1733 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1517 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар.