АК-КОЧКОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысык‑Көл об‑нун Жети‑Өгүз р‑н дагы кыштак. Жети‑Өгүз айыл аймагына ка­раштуу. Райондун борбору Кызыл‑Суу кыш‑нан 25 км түш.-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. 1910‑ж. орношкон. Деңиз деңг. 1733 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1517 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Мектеп, клуб, китепкана бар.