АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АК-ЖАР - Талас обл-ндагы кыштак to АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЖАР – Талас районундагы кыш­так. Долоно айыл аймагына караштуу. Талас дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1351 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Көк‑Ой кыштагы­нан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 120 км аралыкта. 1910‑ж. отурукташкан. Калкы 2069 (2009); негизинен мал чарбасы менен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.